Редакцияот 22.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

22.12.2021-жыл № 5

Акча каражатын которуп берүү жөнүндө

 

       Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн С.Байдөөлөтов, Исмаил уулу Матиш жана К.Акназаров жалпы орто билим берүүчү мектептерине “Келечек үчүн билим” добоорунун алкагында келген компьютерлерди  электр жабдыктары менен камсыздоо боюнча кайрылуусун  карап  жана талкуулап   Каныш-Кыя айылдык  Кенешинин VII чакырылышынын  кезектеги  X сессиясы 

Токтом кылат:

1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу  эске алынсын.

2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн  С.Байдөөлөтов, Исмаил уулу Матиш жана К.Акназаров жалпы орто билим берүүчү мектептерине “Келечек үчүн билим” добоорунун алкагында келген  компьютерлерди электр жабдыктары менен камсыздоого 72 850 (жетимиш эки миң сегиз жүз элүү) сом акча каражаты     Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп  берилсин.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын  “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук  актылары  жөнүндө”Мыйзамына ылайык  Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын  расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын  ченемдик укуктук  актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы  Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу  катчысына милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө,  көзөмөлдөө жагы   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин социалдык маселелер  жана бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитеттерине  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев