Редакцияот 22.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги X сессиясы

 

22.12.2021-жыл № 11

“Айчубак” балдар бакчасынын кайрылуусу жөнүндө

 

        Каныш-Кыя айыл өкмөтунө караштуу Башкы-Терек айылындагы “Айчубак” балдар бакчасына кошумча ясли тайпа ачуу  боюнча   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап  жана   талкуулап   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  X   сессиясы

Токтом кылат:

1.    Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Башкы-Терек айылындагы “Айчубак” балдар бакчасына кошумча ясли тайпа ачуу боюнча кайрылуусу эске алынсын.

2.   Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылындагы “Айчубак” балдар бакчасына кошумча 1,5 жаштан 2 жашка чейинки 15 бала тарбиялоо үчүн  ясли тайпа ачууга 135 200  (жүз отуз беш миң эки жүз) сом акча каражаты    жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин жана  тиешелүү  иш кагаздары   менен  мыйзам   чегинде иш алып баруу Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын

3.  Бул токтом  Кыргыз Республикасынын “Кыргыз  Республикасынын ченемдик  укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына  ылайык  Чаткал райондук  мамлекеттик администрациясынын  расмий  www.chatkal.kg   маалымат сайтына  жарыялансын.

4.  Бул токтомду  расмий  жарыялоо  жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Токтомдун аткарылышын  камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн ФЭБ бөлүмүнө,  көзөмөлдөө жагы   Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин социалдык маселелер  жана бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комитеттерине  тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык

Кеңешинин төрагасы

 

М.Аликеев