ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 53-отуруму
2021-жылдын 9-марты № 53/1
Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн тургуну Умаров Мирландын өзүнүн кызы үчүн бала бакчага төлөнүүчү ата энелер төлөмүнөн бошотуп берүү боюнча бала бакча директору А.Көчкөнованын жазган билдирүүсү жөнүндө
Гүлчө айылындагы №4 балдар бакчасынын директору А.Көчкөнованын билдирүүсүн карап чыгып жана айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруусу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылында жайгашкан №4 балдар бакчасында тарбияланып жаткан Аскарбекова Сайкал ата энелер төлөмүнөн бошотулсун.
2. Бул токтомдун аткарылышы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбек Курманбековичтен суралсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Жээнбеков Д |