Редакцияот 09.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезектеги 53-отуруму

2021-жылдын 9-марты № 53/2

Гүлчө айылынын Алымбек Датка, Э.Таиров жана М. Абдыкапаров көчөлөрүнүн жашоочуларынын арыздарынын негизинде Гүлчө айылынын М.Абдыкапаров көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган бош жер тилкесине мечит куруу үчүн уруксат берүү жөнүндө:

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын - заседаниеси Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 31-беренесинин 5-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айылынын М.Абдыкапаров көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган аянты 805,0чарчы метр болгон жер тилкеси мечит куруу үчүн бөлүнүп берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин..

3. Юридикалык документин даярдап берүү райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.

4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

Жээнбеков Д