ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 54-отуруму
2021-жылдын 31-марты № 54/1
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Алай райондук бөлүмчөсүнүн башчысы Э.С. Мамытовдун Гүлчө айылынын А.Уметалиев көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган курулушу бүтпөй калган имараттардын бир бөлүгүн жер тилкеси менен административдик имарат катары пайдалануу максатында УКМКанын Алай райондук бөлүмчөсүнө өткөрүп берүү боюнча 30.03.2021-жылдагы чыгыш №03/330 билдирүү каты жөнүндө:
Гүлчө айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Алай райондук бөлүмчөсүнүн башчысы Э.С. Мамытовдун билдирүү катын, Гүлчө айылдык кеңешинин 08.02.2010-жылдагы №11/11-токтомун жана Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 5-01-04-1003-0412 сыр белгидеги коду менен катталган регистрациялык делосун ошондой эле сериясы Б №034338 номерлүү 12.06.2020-жылы берилген мамлекеттик АКТысын карап чыгып Кыргыз Республикасынын мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү мыйзамынын 3-беренесинин 2-пунктунун 12-подпунктуна жана 11-беренесинин 2-пунктуна негизденип
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айылынын А.Уметалиев көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган курулушу бүтпөй калган имараттардын Литер А бөлүгүндө жайгашкан имараттын 1-2-кабатынын жалпы пайдалуу аянты 719,46чарчы метр жана имараттын алдындагы 1146,0чарчы метр болгон жер тилкеси менен К.Р. мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин Алай райондук бөлүмчөсүнө административдик имарат катары пайдалануу үчүн өткөрүлүп берилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комитетине тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | Жээнбеков Д |