Редакцияот 31.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 54-отуруму

2021-жылдын 31-марты № 54/3

Гүлчө айылынын Курманжан датка паркынын ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган балдар ойноочу аянтчаны жана аталар үчүн салынып берилген чайкананы Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алуу жөнүндө.

Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбектин билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамынын 31-беренесинин негизинде  Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылынын Курманжан датка паркынын ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган балдар ойноочу аянтчаны жана аталар үчүн салынып берилген чайкана Гүлчө айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кабыл алынсын.

2. Гүлчө айылындагы Курманжан датка паркынын ичине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Примов Улан Бердибаевич тарабынан курулган балдар ойноочу аянтчаны жана аталар үчүн салынып берилген чайкананы мыйзам чегинде кабыл алуу, инвентаризациялоо менен кириш кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке жана ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча комиссиясына тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

Жээнбеков Д