ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 1 уюштуруу заседаниесинин
2021-жылдын 14-майы № 1/1
Гүлчө айылдык кеңешинин регламентин кабыл алуу жөнүндө
Гулчо айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын «Жергиликтуу өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 31-беренесинин, «Жергиликтүү кенештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» жана «Жергиликтүү кеңештердин депутаттардын статусу жөнүндө» Мыйзамдарынын негизинде, мыйзамдарга өкмөттүн токтомдоруна жана жоболоруна таяныпГүлчө айылдык кеңешинин регламентин толук талкулоону негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин 7 чакырылышынын депутаттарынын регламенти кабыл алынсын (регламент толук тиркелет).
2. Бул регламенттин так мыйзамдуу аткарылышын камсыз кылуу бардык депутаттардын, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын милдеттери экендиги белгиленсин.
3. Регламентти Юстициядан кайра каттоодон өткөрүү жагы жоопту катчы Э.Кадыровага тапшырылсын.
4. Бул токтомду аткаруу Гүлчө айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына жана жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |