Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 2 отуруму

2021-жылдын 10-июну № 2/5

Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы муниципалдык жерлерди жана Гүлчө айылында жайгашкан Алымбек Датка, Курманжан Датка сейил бактарынын ошондой эле Жеңиш аянтынын территориясынан убактылуу пайдаланууга алган жер участокторунун ижара акысынын баасын бекитүү жөнүндөгү 27.01.2020-жылдагы Гүлчө айылдык кеңешинин №41/8 токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө:

Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын - отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 3-5-пункттарынын, К.Р. жер кодексинин 8,13,жана 18-беренесине ошондой эле К.Р.Салык кодексинин 335,337,339 жана 341-беренелеринин негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган жерлерди жана борбордук базардын айланасындагы муниципалдык жерлердин соода-сатык жүргүзүү үчүн убактылуу пайдалануу боюнча ижара акысынын старттык баасы «Земельный реформа юг» ЖЧКасы тарабынан түзүлүп берилген расчеттун негизинде старттык баа деп бекитилсин.

2. Гүлчө айылында жайгашкан Алымбек Датка, Курманжан Датка сейил бактарында жана Жеңиш аянтынын территорияларынан убактылуу берилген жерлердин пайдалануу ижара акысы ар бир соода аянтчасына айына 200сом болуп бекитилсин:

3.Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы жерлерге орнотулган ар бир жарнамалык тактайчага убактылуу пайдалануу ижара акысы бир жылга 6000,0 (алты миң)сом болуп бекитилсин.

4.Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айыл чарбасына жараксыз жерлердин убактылуу пайдалануу жана көрктөндүрүү үчүн берилген жерлердин ижара акысы 100,0чарчы метр жер аянты 100сомдон болуп бекитилсин.

5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Исмаилов