Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

  

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 3 отуруму

2021-жылдын 10-июну № 2/6

Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн болжолдуу бекитүү жөнүндө

Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жана (ата-энелер жыйымынан) атайын эсеп счетунун киреше жана чыгаша бөлүкөрүн 2022-2023-2024-жылдарга болжолдуу бекитүү жөнүндө карап тактап талкуулап чыгып, КР Жергиликтүү өз алдынча башкаруу мыйзамынын 31-беренесине ылайык

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун киреше бөлүгү жалпысынан 45 477,4 миң сомго анын ичинен толуктоочу грант (ВГ) 2,4 мин сом, атайын каражаттар эсебинин кирешелер бөлүмү 4230,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү жалпы 45 477,4 миң сомго анын ичинен толуктоочу грант (ВГ) 2,4 мин сом, атайын каражаттар эсебинен 4230,0 миң сомго болжолдуу бекитилсин.

2. 2023-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн божомолу жалпысынан 46 833,2 миң сомго анын ичинен , толуктоочу грант (ВГ) 2,2 миң сом, атайын каражаттар эсебинин кирешелер бөлүмү 4230,0 миң сомго,чыгаша бөлүгү жалпы 46 833,2 миң сомго анын ичинен толуктоочу грант (ВГ) 2,2 мин сом, атайын каражаттар эсебинен 4230,0 миң сомго болжолдуу бекитилсин.

3. 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү божомолу жалпысынан 46 922,5минсомго анын ичинен толуктоочу грант 91,5 мин сом, атайын каражаттар эсебинин кирешелер бөлүмү 4230,0 миң сомго, чыгаша бөлүгү жалпы 46 922,5 миң сомго анын ичинен толуктоочу грант 91,5 миң сом, атайын каражаттар эсебинен 4 230,0 миң сомго болжолдуу бекитилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн керектүү беренелер боюнча мыйзам чегинде болжолдуу коюу жагы айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Гүлчө айылдык кенешинин экономика, бюджет муниципиалдык менчик, инвестиция ишкердик кылуу жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Исмаилов