ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 9 отуруму
2021-жылдын 6-сентябры № 3/1
Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын отчету жөнүндө.
Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын 9 айында аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын отчету эске алынсын.
2. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |