ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 9 отуруму
2021-жылдын 6-сентябры № 3/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги ата энелер үчүн төлөм акысын (взнос) жогорулатуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги ата энелер үчүн төлөм акысын (взнос) жогорулатуу жөнүндө Тешебаева Айнуранын билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу бардык мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ата-энелер үчүн төлөм акысы 600 сом болуп көтөрүлсүн.
2. Жогорудагы 600 (алты жуз) сом толомдун ичинен 15% га чейинки суммасы бакчалардын чарбалык буюмдарына иштетилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө саламаттыкты сактоо,агартуу,маданий,аялдар,жаштар,уй-булоо жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |