Редакцияот 06.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 9 отуруму

2021-жылдын 6-сентябры № 3/6

Гүлчө айылынын тургундары Я.Урматбекова жана Я.Урматбековаларды бала бакчадагы ата энелер төлөмүнөн бошотуу жөнүндө

Айыл өкмөтүнүн юристи У.Тажибаевдин билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин заседаниеси

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Гүлчө айылынын тургундары Я.Урматбекова жана Я.Урматбековалар №2 бала бакчадагы ата энелер төлөмүнөн бошотулсун.

2. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук комиссиясына тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Исмаилов