Редакцияот 02.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 6 отуруму

2021-жылдын 02-ноябры № 6/3

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы №5 «Ак ниет» мектепке чейинки билим берүү уюмунун кире беришиндеги фасадын ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча сунуш кылынган долбоордогу өздүк салым жөнүндө

Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы №5 «Ак ниет» мектепке чейинки билим берүү уюмунун кире беришиндеги фасадын ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-апрелиндеги №230 токтомуна негизденип Гүлчө айылдык кеңешинин кезексиз отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айыл өкмөтүнө караштуу Гүлчө айылындагы №5 «Ак ниет» мектепке чейинки билим берүү уюмунун кире беришиндеги фасадын ремонттоо жана реконструкциялоо боюнча сунуш кылынган долбоорду карап чыгып, Үлүштүк (дем берүүчү) гранттын эсебинен ишке ашыруу үчүн жазылган жалпы 2 824 752 (эки миллион сегиз жүз жыйырма төрт миң жети жүз элүү эки) сомдук долбоордо көрсөтүлгөн өздүк салымы 20% 564,950 (беш жүз алтымыш төрт миң тогуз жүз элүү) сомдук өздүк салымды Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине сунушталып бөлүнүп берилсин.

2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

Исмаилов К.