ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 9 отуруму
2021-жылдын 15-декабры № 9/3
Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын аткарып жаткан иштери жөнүндө
Айыл башчылар Ө.Сопуев, М.Арзыкулов, Талипжан у И билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн айыл башчыларынын 2021-жылдын ичинде аткарып жаткан иштеринин абалы эске алынсын.
2. Кара-Булак айылынын айыл башчысы М.Арзыкуловдун кызмат абалын кароо Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |