ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезектеги 9 отуруму
2021-жылдын 15-декабры № 9/8
Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Гүлчө Тазалык ишканасындагы эскилиги жеткен автоунааларды сатуу жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаев билдирүүсүн угуп, талкулоонун жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүндөгү Гүлчө Тазалык ишканасындагы эскилиги жеткен автоунааларды сатылып акчасы эсептик счетко түшүрүлүп ишкананын керектөөсүнө жумшалсын.
2. Автоунааларды сатуу жана түшкөн акча каражатын ишкананын керектөөсүнө жумшоодо көзөмөлгө алуу үчүн төмөндөгүдөй депутаттык комиссия түзүлсүн.
1.Тешебаева Айнур
2.Талантбек уулу Азамат
3.Таласбеков Султан
4.Самиев Азим
5.Адилет Апаитов
3. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө Гүлчө айылдык кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |