ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11 отуруму
2022-жылдын 1-марты № 11/1
Гүлчө айыл кеңешинин 2022-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырованын билдируусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Гүлчө айыл кеңешинин 2022-жылга карата түзүлгөн иш-планы бекитилсин (тиркеме №1 тиркелет).
2. Ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы Э.Кадыровага тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |
| Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 2022-жылдын 01-мартындагы 11-заседаниесинин № 11/1 токтомуна тиркеме №1 |
Гүлчө айылдык кеңешинин 2022-жылга карата
И Ш ПЛАНЫ
Гүлчө айылдык кеңешинин отурумунда каралуучу маселелер:
Биринчи кварталда
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйымдын тарифин бекитүү жөнүндө(Баяндаманы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери И.Жамшитов жасайт)
2. Гүлчө-Тазалык муниципиалдык ишканасынын муниципиалдык автоунаалардын кызмат акысы үчүн жана таштанды алуу үчүн тарифтерин бекитүү жөнүндө (Баяндаманы Гүлчө-Тазалык муниципиалдык ишканасынын жетекчиси Эрмекбай уулу Азамат жасайт)
3. Гүлчө Таза Суу муниципиалдык ишканасынын таза сууга болгон тарифин бекитүү жөнүндө (Баяндаманы Гүлчө Таза –Суу муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Жангозуев жасайт)
4. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 29.06.2007-жылдагы чыккан №1997-111 токтомуна ылайык Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижарага берүү боюнча комиссиянын курамын бекитүү жана КБФнын жерлеринин ижара мөөнөттөрү бүткөндүгүнө байланыштуу, жерлердин ижара акысынын баштапкы баасын аныктоо жөнүндөгү 27.01.2020-жылдагы Гүлчө айылдык Кеңешинин №41/7-токтомуна өзгөртүү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаров жасайт)
5. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара алып «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен ижара келишимдерин каттоодон өткөрбөгөн жарандардын келишимдери кайтарылып алынып кайрадан аукционго коюп ижарага берүү жөнүндө (Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаров жасайт)
6. Гүлчө айылынын Жаңы-Савай участкасындагы Достук,. А.Каримов, К.Султанбеков, Ш.Абдиев жана Ш.Осмонкулов көчөлөрүнүн жашоочуларынын арыздарынын негизинде Гүлчө айылынын А.Каримов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган №12А-турак үйдү чабалык курулуштары менен максаттуу багытын өзгөртүп мечит куруу үчүн айылдык кеңештин токтомун чыгартып берүү жөнүндө
7. «Ас-Сафа Борбору» Коомдук Бирикмеси тарабынан Кувейт өлкөсүнүн жарандарынын демөөрчүлүгү алдында Гүлчө айылынын Нарматов көчөсүнүн аягына курулган айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган социалдык шаарча комплексинде жашап жатышкан муктаж үй-бүлөөлөрдү убактылуу каттоого тургузуу боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевдин билдирүүсү жөнүндө
8. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБ отчету (Гүлчө айыл өкмөтүнүн жаштар адиси А.Токоева жасайт)
9. Гүлчө айыл өкмөтүнүн алдындагы КААБ дун курамын бекитүү(Гүлчө айыл өкмөтүнүн жаштар адиси А.Токоева жасайт)
10. Гүлчө айыл өкмөтүндөгү бузуулар кодексине ылайык комиссиянын курамын түзүү жөнүндө (Баяндаманы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Кадырова жасайт).
Экинчи кварталда
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы бардык балдар бакчаларында балдарга ысык тамак-аштын жана жалпы билим берүүчү мектептерде чашке тамагынын берилишинин абалы жөнүдө.
Маселени саламаттыкты сактоо, агартуу, маданий,
аялдар, жаштар, үй бүлөө жана социалдык
маселелер боюнча туруктуу комиссиясы даярдай
Үчүнчү кварталда
1. Жарандардын эс алуусун жакшыртууда Гүлчө айылындагы парктардын, спорттук курулмалардын, дам алуучу жайлардын иштеши жана эс алууга түзүлгөн шарттардын абалы жөнүндө
Маселени саламаттыктысактоо, агартуу, маданий, аялдар, жаштар, үй-булөө жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт
2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдын 6 айында аткарылышы боюнча айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажикованын отчету.
Айылдык кеңешинин экономика, бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясы даярдайт
IV ТӨРТҮНЧҮ КВАРТАЛДА
1. Гүлчө айылдык кеңешинин депутаттарынын өздөрүнүн шайлоочуларынын суроо талаптарын аткаргандыгы жөнүндө маалыматтарын талкулоо.
Маселени мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия даярдайт.
2. Гүлчө айылдык кеңешинин 7- чакырылышындагы депутаттарынын кабыл алынган токтомдорунун аткарылышынын абалы жөнүндө.
Маселени мыйзамдуулук, укук тартибин чыңдоо жана кеңештин иштери жөнүндөгү маселелер, депутаттык этика боюнча туруктуу комиссия даярдайт.
Уюштуруучулук жана практикалык иштер
1. Айылдык кеңештин депутаттарынын өздөрүнүн шайлоочуларынын алдында отчет берүүсүн уюштуруу
Жыл ичинде айылдык кеңештин, айыл өкмөтүнүн аппараты
2. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын 2022-жылга карата иш пландарын түзүүгө, заседаниелерин өткөрүүсүнө практикалык көмөк көрсөтүү
Айылдык кеңештин депутаттар
3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын жашоочуларын өздөрү жашаган айылдардын жашоочуларын өздөрү жашаган айылдарды, аймактарды көрктөндүрүүгө, жашылдандырууга санитардык тазалыгын камсыз кылууга тартуу.
2022-жыл жаз, күз айлары айылдык кенештин депутаттары, айыл өкмөтүнүн аппараты
4. Айылдык кеңештин сессияларынын чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө 2022-жыл ичинде айылдык кенештин туруктуу комиссиялары
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |