ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11 отуруму
2022-жылдын 1-марты № 11/2
Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйымдын тарифин бекитүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-отуруму айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча бөлүм башчысы И.Жамшитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап жана Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 40-отурумунун 2019-жылдын 25-декабрындагы №40/3 токтому күчүн жоготсун.
2. 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштанды үчүн алынуучу жыйымдын тарифи ар бир жанга айына 8 (сегиз) сом болуп бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин киреше булагы болуп эсептелген таштандылар үчүн алынуучу жыйым Гүлчө айыл өкмөтүнүн Гүлчө айылынын каттоосуна карабай баардык жашоочуларынан алынсын.
4. Жогорудагы алынуучу жыйымдар 1-топтогу майыптар, афган согушунун катышуучулары жана Чернобыль кесепетин жоюуга катышкандарга жыйымдык тарифтен 50% бошотулсун.
5. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Гүлчө айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Исмаилов |