Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11 отуруму

2022-жылдын 1-марты № 11/4

Гүлчө Таза Суу муниципиалдык ишканасынын Гүлчө айылындагы таза сууга болгон тарифтерин бекитип берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11-отуруму Гүлчө Таза Суу муниципиалдык ишканасынын жетекчиси А.Жангозуевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктунун негизинде

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. Гүлчө айылдык кеңешинин 2017-жылдын 03-апрелиндеги таза сууга болгон тарифтерди бекитүү боюнча №7/4 токтому күчүн жоготсун.

2. Гүлчө айылында 2022-жылга үйүнүн ичинен суу алган абоненттерге ар бир жанга 25 сомдон, сырттан ташып ичсе 15 сомдон, суу эсептегичи бар абоненттерге 1 кубуна 20 сом болуп бекитилсин.

3. Гүлчө айылындагы мекеме-ишканалар, банктар, ресторан, кафелер, мончолор менен таза сууга келишим түзүү үчүн тарифтери айына төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.

1. Мекеме ишканалардан – 600 сом

2. Банкттар – 600 сом

3. Ресторандардан – 1000 сом

4. Кафелерден – 500 сом

5. Мончо -1000 сом

4. Гүлчө айылынын жашоочуларынын суу түтүкчөсүн үйүнө тартуу үчүн керектелүүчү каражаттар жеке жарандын өзү тарабынан алынып, туташтыруу акысы үчүн 3000 сом болуп бекитилсин жана башкы түтүкчөдөн баштап короосундагы түтүкчөнүн коопсуздугу суу пайдалануучу абонентке жүктөлсүн.

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн башчысы С.Исаевге милдеттендирилсин.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Исмаилов