Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11 отуруму

2022-жылдын 1-марты № 11/6

Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара алып «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен ижара келишимдерин каттоодон өткөрбөгөн жарандардын келишимдери кайтарылып алынып кайрадан аукционго коюп ижарага берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн турак жай, айыл чарба жана жерге жайгаштыруу иштери боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 4-пунктунун 4-пунктчасынын негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсү эске алынсын.

2. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин ижара алып «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен ижара келишимдерин каттоодон өткөрбөгөн жарандардын келишимдери кайтарылып алынып кайрадан аукционго коюлуп ижарага берилсин.

3. Гүлчө айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардагы кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлеринен ар бир жаранга 4,0га жерден ашыкча жерлер ижарага берилбесин

4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

Исмаилов К.