Редакцияот 01.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11 отуруму

2022-жылдын 1-марты № 11/7

Гүлчө айылынын Жаңы-Савай участкасындагы Достук,. А.Каримов, К.Султанбеков, Ш.Абдиев жана Ш.Осмонкулов көчөлөрүнүн жашоочуларынын арыздарынын негизинде Гүлчө айылынын А.Каримов көчөсүндө жайгашкан муниципалдык менчикте турган №12А-турак үйдү чабалык курулуштары менен максаттуу багытын өзгөртүп мечит куруу үчүн айылдык кеңештин токтомун чыгартып берүү жөнүндө

Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын 11- отуруму Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Какаров Рустамдын билдирүүсүн угуп Маматысаков Топчубайдын наамына 5-01-04-1003-0065- коду менен катталган регистрациялык делосун жана бирдиктүү реестрде №501-2022-923- номер менен 04.02. 2022-жылы катталган турак жайды тартуулоо келишимин карап чыгып Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу мыйзамынын 34-беренесинин 5-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Гүлчө айылынын А. Каримов көчөсүндөгү айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган 600,0чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан №12А-турак үйдүн максаттуу багыты өзгөртүлүп, турак үйдү бузуп ордуна мечит куруу үчүн кайрадан чектелип берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын мыйзам чегинде тактап иш алып баруу жагы Гүлчө айыл өкмөтүнүн жер адиси Р.Какаровго милдеттендирилсин..

3. Юридикалык документин даярдап берүү райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укукту каттоо боюнча башкармалыгынан суралсын.

4. Кабыл алынган токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы Исаев Сүйөрбекке тапшырылсын.

 

Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Исмаилов