Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

17.11.2021-жыл № 4

“Иса Агай” балдар бакчасына жайкы кухня

курууга каражат бөлүү жөнүндө

 

Иса Агай балдар бакчасына  жайкы кухня курууга акча каражатын  бөлүү боюнча маселени угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин  ХХI чакырылышынын VII сессиясы  токтом кылат:

1. Иса Агай балдар бакчасына  жайкы кухня куруу үчүн жергиликтүү бюджеттен 260 000 (Эки жүз алтымыш миң) сом акча каражаты ажыратылсын

2.  Акча каражатын ажыратып берүү айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаков жана ФЭБ башчысы  Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.

3. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн

 

Төрага

 Т.Оморов