Редакцияот 17.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

17.11.2021-жыл № 7

Райондук өнүктүрүү фондуна скважиналарга насос алуу

жана техникаларды алуу жөнүндө

  

Арал айылынын  жалпы чогулушунун жана   Арал айыл өкмөтүнүн   кайрылуусун  угуп жана талкуулап   Арал айылдык кеңешинин  ХХI чакырылышынын  VII сессиясы токтом кылат:

1.  Ноокен райондук  өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан скважиналарга насос алуу жана техникаларды алуу боюнча Арал айылынын  жалпы чогулушунун жана  айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын.

2.  Ноокен райондук өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан скважиналарга насос алуу жана техникаларды алуу боюнча документтерди бүтүрүү айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковко милдеттендирилсин.

3. Ноокен райондук  өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан скважиналарга насос алуу жана техникаларды алуу үчүн Арал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин  700 000 (Жети жүз миң) сом акча каражаты өздүк  салым катары ажыратылсын.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

Төрага

 Т.Оморов