АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
30.12.2021-жыл № 1
2022-2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолдуу
долбоорун бекитүү жөнүндө
Арал айыл өкмөтүн ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевтин Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга угузган болжолдуу долбоорун угуп жана талкуулап, “Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин” жетекчиликке алып Арал айылдык кенешинин ХХI чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. 2022-2023-2024-жылдарга карата Арал айылынын жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жактырылсын .
2. 2022-2023-2024-жылдарга карата жактырылган жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору ар бир конкреттүү мезгилде аларды кабыл алууда талкуулануу менен кабыл алынсын.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну ФЭБ башчысы Ж.Акматалиевке милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, комуналдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн
Төрага | Т.Оморов |