АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
30.12.2021-жыл № 3
Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын VI сессиясынын
18-август 2021-жылдагы №1 токтомунуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Арал айыл аймагынын Орто Сай участогунун №252 контурундагы асылдуулугу, балл банитети төмөн, мелиоративдик даярдыктагы жалпы 20,0 (жыйырма) гектар жер аянтын иш чаралары жүргүзүлбөгөндүктөн жана күрдүүлүгү жакшыртылбагындыгы үчүн айыл чарба багытындагы жердин бир түрүнө киргизүү максатында 2021-жылдын 30-декабрындагы Арал айыл өкмөтүнүн башчысынын кайрылуу катын угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын VI сессиясынын 18-август 2021-жылдагы №1 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Арал айылдык кеңешинин ХХ I чакырылышынын VIII сессиясы токтом кылат:
1. Арал айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 30-декабрындагы кайрылуу катын эске алып, айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын VI сессиясынын 18-август 2021-жылдагы №1 токтомунун I жана II пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
I жана II пункттарда асылдуулугу төмөн мелиоративдик даярдыктагы деген сөздөр “айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын асылдуулугу, балл банитети төмөн, мелиоративдик даярдыктагы, ал эми “өнөр жайынын транспортунун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багытындагы жерлер” категориясы которуу деген сөздөр айыл чарба багытындагы жердин бир түрүнө киргизүү деген сөздөргө алмаштырылсын, калган бөлүгү өзгөртүүсүз калтырылсын.
2. Тешелүү документтерди даярдоо, ушул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Арал айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковко милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Оморов |