АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
9.03.2022-жыл № 1
Айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоого курулган
скважиналарды реконструкциялоого керектүү шаймандарды
сатып алуу жана тазалоо жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн кайрылуусун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын Х сессиясы токтом кылат:
1. Ноокен райондук жана областтык өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоого курулган скважиналарды реконструкциялоого керектүү шаймандарды сатып алуу жана тазалоо боюнча Арал айыл өкмөт башчысынын сунушу жактырылсын.
2. Ноокен райондук жана областтык өнүктүрүү фондусуна сунушталып жаткан айыл чарба жерлерин сугат суу менен камсыздоого курулган скважиналарды реконструкциялоого керектүү шаймандарды сатып алуу жана тазалоо боюнча документтерди бүтүрүү айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Оморов |