АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
9.03.2022-жыл № 2
Артыкчылыктуу кызматтарды аныктоо жөнүндө
Арал айыл өкмөтүнүн социалдык–экономикалык өнүгүүсүнө жана жаштарга шарт түзүү үчүн айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап Арал айыл аймагынын артыкчылыктуу кызматтарды аныктоо максатында Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын Х сессиясы токтом кылат:
1. Арал айыл аймагы боюнча көйгөйлөрдүн ичинен артыкчылыктуу деп табылсын:
- Алыскы айылдарды мектепке ташуу
- Арал айыл аймагынын жалпы элдерге бош убактысында дене тарбия жана массалык спортторду өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча сунуштар жактырылсын.
2. Керектүү документтерди даярдоо жана бүтүрүү айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковко милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.Оморов |