Редакцияот 09.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

9.03.2022-жыл № 3

Биргелешкен мониторинг жана баалоо

 тобун түзүү жөнүндө

 

Арал айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык өнүгүүсүндө жасалган жумуштарды биргелешкен мониторинг жана баалоо  тобун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин ХХI чакырылышынын Х сессиясы токтом кылат:

1. Арал айыл өкмөтүнүн алдында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндө  ЖОБОсу бекитилсин.  №1 тиркеме тиркелет

2. Арал айыл өкмөтүнүн алдында биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу төмөндөгү курамда бекитилсин

-  С.Осмоналиев - айыл өкмөттүн кызматкери

- А.Ахмеджанов - айыл өкмөт кызматкери

- М.Эсеналиева - депутат

- К Камилов - эл өкүлүнөн

- Б.Мамадалиева - активист аял

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  инвестиция, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

 Т.Оморов