Редакцияот 09.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

9.03.2022-жыл № 5

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик

фондунун жерлерин  ижарага берүү жөнүндө.

 

    Айыл чарбасы, суу ресурстарын  өнүктүрүү, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын протоколун угуп жана талкуулап Арал айылдык кеңешинин  ХХI- чакырылышынын Х - сессиясы  токтом кылат:

 

1.  Арал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү калктын таламдарын эске алуу менен айылдык кеңештин айыл чарба боюнча туруктуу комиссиясы жана айыл өкмөттүн жер комиссиясы биргеликте талаптарга туура келбеген, түз жолу менен берилип кеткен жерлерди толук карап  2022-жылдын 3-кварталына тоорукка даярдоо иштерин жүргүзүү айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С.Берикбаевке жүктөлсүн.

2. Айыл өкмөтүнө тиешелүү мамлекеттик фондусунун жерлерин ижарага берүү Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22 июлундагы №203 токтому менен бекитилген “Айыл чарба багытындагы жерлердин мамлекеттик фондун жерлерин ижарага берүүнүн шарттары жана тартиптери жөнүндө” типтүү жобонун талаптарына ылайык жүргүзүлсүн жана мыйзам бузууларга жол берилбесин.

3. Мамлекеттик айыл чарба фондун жерлерин ижарага берүү биринчи кезекте жергиликтуу айыл тургундарына, кийин башка тургундарга берилсин.

4. Токтомдун аткаруу айыл өкмөт башчысы Н.Омурзаковго милдеттендирилсин.

5. Токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  айыл чарбасы боюнча туруктуу  комиссиянын төрагасы С.Берикбаевке  тапшырылсын.

 

Төрага

 Т.Оморов