ГҮЛЧӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 12 отуруму
2022-жылдын 14-марты № 12
Гүлчө айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2022-жылга бекитилген планынын чыгаша бөлүгүнө иштетүү жөнүндө
Гүлчө айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын кезексиз 12-отуруму, Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы Исмаилов Космос Токтогуловичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктунун негизинде Гүлчө айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гүлчө айыл өкмөтүнүн 2022 - жылга бекитилген жергиликтүү бюджеттин бөлүгүнөн
- №4 балдар бакчасынын курулушу үчүн 5000,0 миң сом,
- Тазалык ишканасына эксковатор тракторун сатып алуу үчүн 2000,0 миң сом,
- Футболдук аянтча куруу үчүн 4500,0 миң сом,
- Гүлчө айылынын Алымбек Датка көчөсүнө тротуар куруу үчүн-3500,0 миң сом, жалпы суммасы 15000,0 миң сом бөлүнүп берилсин.
2. Жогорудагы бөлүнгөн акча каражаттарын максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөттүн башчысы С.Исаевке жана финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Тажиковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Гүлчө айылдык кеңешинин экономика бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Гүлчө айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Т.Исмаилов |