САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын V- сессиясы
2022-жылдын 21-январы № 15
Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр жардамга муктаж тургундарына материалдык жардам берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө мыйзамынын 2003-жылдын 12-апрелинин №71,2005-жылдын 22-июлундагы №111,2008-жылдын 28-июлундагы №177,2013-жылдын 23-апрелиндеги №56-редакциясынын негизинде Савай айылдык округунун кеңешинин депутаттарынан VII-шайланган кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Савай айылык аймагынын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жана жакыр үйбүлөөгө төмөнкүдөй материалдык жардам көрсөтүлсүн:
көзүнөн, жүрөгүнөн жана онкология менен эхинококкоз жана психикалык оорусу менен ооруган адамдарга операция жасатууга жана жакыр үй-бүлөөлөргө социалдык абалына карап орто жашагандарга 5000 сом, өтө жакыр үй бүлөөлөргө 10 000 сомдон,
• 1-топтогу ДМЧ адамдарга кышка көмүр алуу үчүн 3000 сомдон,
• ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга дары-дармек үчүн
1-топ, ДЦП - 1000 сомдон
2-топ - 3-топ - 700 сомдон
- ДЦП оорусу менен ооруган балдарга материалдык жардам үчүн -
3000 сомдон
- ВИЧ, СПИД оорусу менен ооругандарга материалдык жардам үчүн –
2000 сомдон,
- жасалма тиш коюу үчүн ( баатыр эне, көзүнън, кулагынан ооругандар)
1500 сомдон,
- көз айнек алуу үчүн (көзүнөн ооругандарга) - 1000 сомдон,
- угуу аппаратын алуу үчүн ( кулагынан ооругандарга) 1500 сомдон,
- баатыр энелерге жол акысы үчүн 600 сомдон,
- кургак учук оорусу менен ооругандарга санаторияга дарыланып келүү
үчүн жол акысына 2000 сомдон,
- кургак учук оорусу менен ооругандарга (материалдык жардам)
1000 сомдон
- тоголок жана жарым жетимдерге (материалдык жардам) 1000 сомдон,
- тоголок жетимдерге банктагы өздүк эсебине 5000 сомдон
- аз камсыз болгон үй-бүлөөлөргө - 2000, 3000 сомдон
2. Мыйзам чегинде акча каражатын бөлүп берүү жагы ФЭБнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдумалик уулу |