Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын V- сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 16

Савай айыл өкмөтүнө караштуу “Савай-Тазалык” иш канасына таштандыларды чыгаруу үчүн төлөө тарифине өзортүү киргизүү жана иш канасынын, бир жылдык бюджетин бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 16, 17 -беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Савай-Тазалык” иш канасынын калкка көрсөткөн кызмат акысы таштандынын бир кабына 25 (жыйырма беш) сом өлчөмүндө төлөө тарифи өзгөртүлсүн.

2. “Савай-Тазалык” ишканасынын 2022-жылга бюджети бир жылына 417000 сомго бекитилсин.

3. Бекитилген төлөө тарифтери боюнча иш алып бару жагы “Савай-Тазалык” иш канасынын жетекчисине милдеттендирилсин.

4. Төлөмдүн аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Абдумалик уулу Нурбек