Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын V- сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 19

Кызыл-Шарк айылындагы Х.Таширов атындагы орто мектебинин бош турган имаратына мектепке чейинки билим берүү мекемесин ачууга уруксат берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2021-жылынын 20-октябрь №123 жергиликтүү мамлекеттик админстрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамынын 8-бөлүмүнүн 65-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Савай айыл аймагындагы №72 Х.Таширов орто мектебинин бош турган имаратына мамлекеттик мектепке чейинки билим беруу мекемесин ачууга уруксат берилсин.

2. Савай айыл аймагындагы №56 Кең-Сай орто мектебинин эски имаратынын биринчи корпусу ФАПка берилсин, экинчи корпусу спорт зал курууга берилсин.

3. Тиешелүү документерин бүтүрүү Савай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш боюнча турукту комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага

Н.Абдумалик уулу