Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Савай айылдык округунун кеңешинин (VII-шайланган) депутаттарынын V- сессиясы

2022-жылдын 21-январы № 20

Салык эмес киреше Кодексинин таштандыларды жыйноо үчүн төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндө.

Кыргыз Республикасынын салык эмес киреше Кодекси 2019-жылдын 1-январында күчунө кирген. 74,75,76-беренелерине ылайык Савай айылык округунун кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Таштандыларды жыйноо үчүн төлөмдүн тарифи, жеке жактар үчүн төлөм бир жылына 10-сомдон болсун

2. Токтомдун аткарылыш жагы Савай айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Савай айылдык округунун кеңешинин экономика, финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөтсүн.

 

Төрага

Н.Абдумалик уулу