Редакцияот 27.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы

2021-жылдын 27-декабры № 7-8

Айыл аймагындагы 75 орундуу Кеңеш балдар бакчасынын дубалын куруу үстүн жабуу жана чатырын орнотуу боюнча долбоорун кош каржылоо жөнүндө

Айыл аймагына караштуу Кеңеш айылында жайгашкан 75 орундуу Кеңеш балдар бакчасынын дубалын куруу , үстүн жабуу жана чатырын орнотуу боюнча долбоорун ишке ашырууда каржылоону камсыз кылуу максатында

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймагына караштуу Кеңеш айылында жайгашкан 75 орундуу Кеңеш балдар бакчасынын дубалын куруу , үстүн жабуу жана чатырын орнотуу боюнча долбоорун ишке ашырууда каржылоону камсыз кылуу максатында жергиликтүү бюджеттин эсебинен 2794724,6 (эки миллион жети жүз токсон төрт миң жети жүз жыйырма төрт) сом 60 тыйын акча каражаты 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинен ажыратып берилсин.

2. Жергилитүү бюджетин эсебинен белгиленген суммада акча каражатын өз мөөнөтүндө ажыратууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Эшматовго жана финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы А. Тешебаевага жүктөлсүн.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы айылдык кеңешинин ,,Экономика,бюджет , соода жана ишкердүүлүк “ боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын .

 

Төөлөс айылдык кеңештин төрагасы:

З. Жороев