ТӨӨЛӨС АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Төөлөс айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги жетинчи сессиясы
2021-жылдын 27-декабры № 7-10
Айыл өкмөтүнүн Меркит айылындагы эски чайхананын,банянын имаратын балдар бакчасы кылып өзгөртүп пайдаланууга менчиктин багытын өзгөртүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын ,,Жергиликтүү мамлекеттик администрциясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары “ жөнүндө мыйзамынын 34-беренесине жана Кыргыз Республикасынын ,,Мулккө муниципалдык менчик “ жөнүндөгү мыйзамынын 19-беренесине негизденип айылдык кеңештин депутатты А.Абдрахмановдун сунушун эске алып.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төөлөс айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган идентификациялык номери 5-06-13-1001-0776 болгон мамлекеттик актысы бар , максаттык багыты маданий эс алуу борбору болуп көрсөтүлгөн имараттын максаттык багыты балдар бакчасы болуп өзгөрттүүгө макулдук берилсин .
2. ,,Чайхана жана Банянын “ эски имаратын багытын балдар бакчасы кылып өзгөртүүлөрдү киргизүү жана жаныдан курулучу балдар бакчасынын долбоорун , сметалык иш- кагаздарын , тийиштүү бардык органдар менен макулдашуу иштерин жүргүзүү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Эшматовго жана айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Бакировго жүктөлсүн .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Төөлөс айыл өкмөтүнүн айылдык кеңешинин ,, Мыйзамдуулук , мандат , этика жана дин иштери “ боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төөлөс айылдык кеңештин төрагасы: | З. Жороев |