Редакцияот 19.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТѲРТ-КѲЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Тѳрт-Кѳл айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы депутаттарынын кезектеги сессиясы

2022-жылдын 19-январы № 5-11

Жер тилкелерин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которуу (трансформациялоо) жѳнүндѳ

Ош облустук жерге жайгаштыруу боюнча мамлекеттик ишканасынын 20.12.2021-жылдагы №01-8/5-06-17/407 сандуу маалыматын, Тѳрт-Кѳл айыл аймагындагы Макаренко, Шоро-Башат, Бостон, Ана-Кызыл, Кыймыл айылдарынын тургундарынын жеке менчик турак жай куруу үчүн жазган арыздарын канаттандыруу максатындагы маселени карап жана талкуулап Тѳрт-Кѳл айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жеке менчик турак - жай курууга Макаренко айылынан №291-контурда 6,50 га жайыт, №291-контурда 4,31 га жайыт. Шоро-Башат айылында «Шоро» учаскасында №399-контурда 0,68 га жайыт, №397-контурда 1,32 га жайыт, «Чалдыбар» участкасында №12-контурда 3,77 га жайыт, №93-контурда 1,23 га жайыт, «Комплекс» участкасында №214-контурда 1,30 га жайыт, №213-контурда 3,90 га жайыт, №214-контурда 0,98 га жайыт, №232-контурда 0,04 га жайыт, №234-контурда 0,23 га жайыт, «Чалдыбар» участкасында №85-контурда 0,52 га жайыт, №86-контурда 0,90 га жайыт, №87-контурда 0,20 га жайыт, №84-контурда 1,88 га жайыт, Бостон айылында №1343-контурда 6,5 га жайыт, «Изолятор» участкасында №1349-контурда 1,28 га чѳп сактоочу жай, №1350-контурда 4,70 га жайыт, №1408-1409-1413-контурда 5,54 га жайыт, №1414-контурда 0,08 га курулуштардын орду (кыштоо), №1413-контурда 4,60 га жайыт, Ана-Кызыл айылында №816-контурда 2,29 га жайыт, №817-контурда 4,12 га жайыт, №853-контурда 0,24 га жайыт, №818-контурда 0,72 га чѳп сактоочу жай, №1462-контурда 0,15га курулуштардын орду (кыштоо), №858-контурда 0,50 га жайыт, жалпысынан 58,48 га. Анын ичинен 0,23 га айыл чарба багытындагы курулуштун орду (кыштоо), 2 га чѳп сактоочу жай, 56,25 га жайыт жер тилкесин «Айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери» категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2. Суралсын Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ѳзгѳн филиалынан, Ѳзгѳн районунун шааркурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгынан жер тилкелерин которуу (трансформациялоо) боюнча тийиштүү иш кагаздарды даярдап берүү жагы.

3. Ушул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл, суу чарба ѳнѳр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

Тѳрага

Б. Мураталиев