Редакцияот 03.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2022-жылдын 03-марты № 1

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-аракет планын бекитүү жѳнүндѳ.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-аракет планы бекитилсин.

(тиркеме тиркелет)

2. Отуз-Адыр айылдык кеңеши айылдык кеңештин 2022-жылга карата бекитилген иш-аракет планына ылайык иш жүргүзсүн.

3. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин ишин айылдык кеңештин 2022-жылга карата бекитилген иш-аракет планына ылайык алып баруу айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарына жүктѳлсүн.(Абдилазиз уулу Абдимитал)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

А.Каимов

 

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин

тѳрагасы______________А.Каимов

03.03.2022-жыл

 

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-аракет

ПЛАНЫ

I сессия

1. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-аракет планын бекитүү жѳнүндѳ.

2. Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн алдындагы калкты жана жарандык актыларды каттоо Департаменти менен Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн ортосунда түзүлгѳн келишимди бекитүү жѳнүндѳ.

3. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин (алтынчы чакырылыштагы) 2021-жылдын

29-апрелиндеги кезексиз XVI сессиясынын айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн кайрак айдоо жана кайрак айдоо жерлеринин  ичинде жайгашкан жайыт жерлерин калктуу конуштун жерлери  категориясына которуу жѳнүндѳгү № 1 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ.

4.Учурдагы ар түрдүү маселелер.

II сессия

1. Эсептѳѳ комиссиясынын курамын бекитүү жѳнүндѳ.

2. Отуз-Адыр айылдык  кеңешинин тѳрагасын шайлоо жѳнүндѳ.

3. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасынын орун басарын шайлоо жѳнүндѳ

4. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин  туруктуу комиссияларынын  курамдарына

 ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ.

5. Кыш-Абад айылындагы муниципалдык менчикте турган ҮДТнын эски имаратын балдар бакчасынын пайдалануусуна ѳткѳрүп бер

үү жѳнүндѳ.

6. Муниципалдык  менчиктеги  жерде жайгашкан  Кыш-Абад ҮДТсынын мурдагы пайдалануусундагы  0,22 га жер аянтынан 0,1 га жер аянтын почта жана аптека куруу үчүн ажыратып берүү жѳнүндѳ.

7. Бакирова Нургүл Жакыповнага “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын

ыйгаруу жѳнүндѳ.

8. Туйчиев Шеркузуга  “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын

ыйгаруу жѳнүндѳ.

9. Отуз-Адыр айылдык  кеңешинин 2020-жылдын 08-декабрындагы кезектеги XIII сессиясынын № 7 токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ.

10. Учурдагы ар түрдүү маселелер.                                                                              Февраль-март

III сессия

1. Отуз-Адыр ичүүчү таза суу муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жѳнүндѳ.

2. Отуз-Адыр тазалык муниципалдык ишканасынын Уставын бекитүү жѳнүндѳ.

3. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн 2022-2026-жылдарга карата түзүлгѳн стратегиялык планын бекитүү жѳнүндѳ.

4. Учурдагы ар түрдүү маселелер.                                                                                  

IV сессия

1. Отуз-Адыр ичүүчү таза суу муниципалдык ишканасынын бюджетин бекитүү жѳнүндѳ.

2. Отуз-Адыр тазалык муниципалдык ишканасынын бюджетин бекитүү жѳнүндѳ.

3. Учурдагы ар түрдүү маселелер.                                                                                    Апрель-май

V сессия

1. Айыл чарбасы жана дыйкандарды,кооперативдерди,фермердик чарбаларды сугат суу менен камсыз кылуу маселелери боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ.

2. Айыл аймагынын тургундарына жеке менчик турак-жай куруу үчүн жер тилкелерин ажыратуу иштеринин жүрүшү жѳнүндѳ.

3. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарылышы жѳнүндѳ.

4. Учурдагы ар түрдүү маселелер.                                                                                   Июль-август

VI сессия

1. Жайыт комитети тарабынан аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ.

2. Айыл аймагындагы ветеринардык кызматтын аткарып жаткан иштери жѳнүндѳ.

3. Айылдардан таштандыларды ташып чыгуу боюнча аткарылып жаткан иштер жѳнүндѳ.

4. Учурдагы ар түрдүү маселелер

VII сессия

1. Айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча кызматынын аткарып жаткан иштери жѳнүндѳ.

2. Айылдардын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча аткарылып жаткан

иштер жѳнүндѳ.

3. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүндѳгү айыл чарба жерлеринин кайра бѳлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын иш регламентин бекитүү жѳнүндѳ.

4. Учурдагы ар түрдүү маселелер.                                                                          Сентябрь-октябрь

VIII сессия

1. Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2022-жылдын тогуз айында аткарылышы жѳнүндѳ.

2. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын аткарып жаткан иштери жѳнүндѳ.

3. ОтузАдыр айыл ѳкмѳтүнүн 2022-жылга карата түзүлгѳн бюджетине тогуз айдын жыйынтыгы

менен ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ.

4. Учурдагы ар түрдүү маселелер                                                                                            Ноябрь

IX сессия

1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык-экономикалык ѳнүгүү программасынын 2022-жылда аткарылышы жана 2023-жылга карата божомолу,Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинин 2022-жылда аткарылышы жана 2023-жылга карата бюджети жѳнүндѳ.

2. Отуз-Адыр айылдык кеңешинин 2022-жылга карата иш-аракет планын бекитүү жѳнүндѳ.

3. Учурдагы ар түрдүү маселелер.                                                                                         Декабрь

 

Жооптуу катчы

 А.Зикиров