ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-марты № 4
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамдарына ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү жѳнүндѳ.
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 36-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Аматов Акбура-Отуз-Адыр айылдык кеңешинин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагалыгына шайланды деп эсептелсин.
2. Зикиров Абдибает-Отуз-Адыр айылдык кеңешинин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын тѳрагалыгына шайланды деп эсептелсин.
3. Абдилазиз уулу Абдимитал-Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчѳлүгүнѳ шайланды деп эсептелсин.
4. Бул токтом кабыл алынган күндѳн баштап күчүнѳ кирди деп эсептелсин.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев. |