Редакцияот 14.03.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)

2022-жылдын 14-марты № 5

Кыш-Абад айылындагы муниципалдык менчикте турган ҮДТнын эски имаратын балдар бакчасынын пайдалануусуна ѳткѳрүп берүү жѳнүндѳ.

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ;

1. Кыш-Абад айылындагы муниципалдык менчикте турган ҮДТнын эски имараты Кыш-Абад айылындагы балдар бакчасынын пайдалануусуна ѳткѳрүлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн.(Н.Калматов)

3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ Отуз-Адыр айылдык кеңешинин административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)

 

Отуз-Адыр айылдык

кеңешинин тѳрагасы

 

Т.Жумаев.