ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-марты № 7
Бакирова Нургүл Жакыповнага “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ.
Отуз-Адыр айылынын кулуну Бакирова Нургүл Жакыповнанын Кыргыз Республикасынын Сот органдарында кѳп жыл эмгектенгендигин жана Сот органдарына сиңирген эмгегин, айыл аймагынын ѳнүгүшүнѳ кошкон салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Бакирова Нургүл Жакыповнага “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бакирова Нургүл Жакыповнага № 7 –Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу”күбѳлүгү берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу жагы айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Каимов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев. |