ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги XXIII сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2022-жылдын 14-марты № 8
Туйчиев Шеркузуга “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жѳнүндѳ.
Кыш-Абад айылынын тургуну Туйчиев Шеркузунун айыл аймагынын ѳнүгүшүнѳ кошкон зор салымын эске алып, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын II бѳлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесинин негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ;
1. Туйчиев Шеркузуга “Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Туйчиев Шеркузуга № 6 –Отуз-Адыр айыл аймагынын ардактуу атуулу”күбѳлүгү берилсин.
3. Тийиштүү иш кагаздарын даярдап,талап кылган инстанцияларга тапшыруу жагы айылдык кеңештин тѳрагасынын орун басарына тапшырылсын.(А.Каимов)
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин тѳрагасы |
Т.Жумаев. |