Редакцияот 09.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык  кеңешинин жетинчи  чакырылышынын 12-сессиясынын кезексиз отурумунун

2022-жылдын 09-февралы № 1

Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылындагы муниципалдык менчикте турган Тараша каналын мамлекеттик менчике өткөрүп берүү жөнүндө.

Чон-Алай Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Ө.Мамажакыповдун Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылындагы муниципалдык менчикте турган Тараша каналын мамлекеттик менчике өткөрүп берүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылындагы муниципалдык менчикте турган узундугу 1816 метр, баланстык баасы 75978 сом болгон Тараша каналын мамлекеттик менчике кайтарымсыз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.

2. Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Жар-Башы айылындагы муниципалдык менчикте турган Тараша каналын мамлекеттик менчике кайтарымсыз өткөрүп берүүдөгү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Ө.Мамажакыповго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев