ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 12-сессиясынын кезексиз отурумунун
2022-жылдын 09-февралы № 2
Чон-Алай айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Туу айылынын жана ПМК участкасына көпүрө куруу жөнүндө.
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын ПМК участкасынын жана Кызыл-Туу айылынын жашоочуларынын Кызыл-Туу айылынын жана ПМК участкасына көпүрө куруу боюнча сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин 7-чакырылышынын депутаттарынын 12-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын ПМК участкасынын жана Кызыл-Туу айылынын жашоочуларынын сунуштарына ылайык Кызыл-Туу айылынын жана ПМК участкасына көпүрө куруу үчүн жергиликтүү бюджеттин тартышсыздыгынан көпүрө курууну райондук региондорду өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Чоң-Алай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Г.Мадалиев |