Редакцияот 11.02.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОҢ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Чоң-Алай айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 13-сессиясынын кезексиз отурумунун

2022-жылдын 11-февралы № 3

Дароот-Коргон айылынын жогорку тарабындагы Алай-Гиссар тоо кыркасында жайгашкан координаты 390, 34, 07, 99” С 720, 12, 34, 90” В точкадагы чокуга маркум Бердибеков Шамшидин Камаловичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө.

Дароот-Коргон айылынын тургуну Г.Жээнбекованын жана А.Маматкаимовдун Дароот-Коргон айылынын жогорку тарабындагы Алай-Гиссар тоокыркасында жайгашкан координаты 390, 34, 07, 99” С 720, 12, 34, 90” В точкадагы чокуга маркум Бердибеков Шамшидин Камаловичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин  7-чакырылышынын депутаттарынын  13-сессиясынын кезексиз отуруму угуп, талкуулап

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Дароот-Коргон айылынын жогорку тарабындагы Алай-Гиссар тоокыркасында жайгашкан координаты 390, 34, 07, 99” С 720, 12, 34, 90” В точкадагы чоку Бердибеков Шамшидин Камалович атындагы чоку деп аталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Чоң-Алай айылдык

кеңешинин төрагасы:

 

Г.Мадалиев