ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
10.11.2021-жыл № 6/3
Жаны-Талап айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн китепканасына
Ниязакунов Макмудказынын ысымын берүү жөнүндө
Жаны-Талап айылынын Жаштар уюмунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын негизинде Ниязакунов Макмудказынын ысымын айылдык китепканага берүү жөнүндө Жаны-Талап айылдык Кеңешинин 6 сессиясы токтом кылат:
1. Жаны-Талап айылдык китепканасына коомдук ишмер Ниязакунов Макмудказынын наамы ыйгарылсын.
2. Ниязакунов Махмудказы атындагы айылдык китепканасы болуп аты өзгөрүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Турдубеков |