ЖАНЫ-ТАЛАП АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
16.12.2021-жыл № 7/3
Жаны-Талап айыл аймагындагы “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим” , Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы “Гүл бакча” тарыхый мурас катары эсепке алуу, коргоону камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 26.07.1999-жылдагы тарыхый мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө №91 мыйзамынын 10 беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө №101 мыйзамынын 47-беренесинин 1 пунктунун 3 пунктчасына ылайык депутаттардын Жаны-Талап айылдык Кеңештин 7сессиясы токтом кылат:
1. Жаны-Талап айыл аймагындагы кантордо жайгашкан “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим” эстелик тарыхый мурас катары Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн учетуна алынсын.
2. Шукурбек Бейшеналиев атындагы “Гул бакча” Жаны-Талап айыл өкмөтүнүн учетуна алынсын
3. “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине таазим” жана Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы “Гүл бакча” эстелигинин укугун күбөлөндүрүүчү документин бүтүрүүгө Жергиликтүү бюджеттен акча каражат бөлүнүп берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигине Жаны-Талап айыл аймагындагы “1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согштун ардагерлерине таазим” жана Шукурбек Бейшеналиев атындагы “Гүл бакча” тарыхый мурас катары таануу максатында коргоо алуу сунушун киргизип берүү суралсын.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Ж.Турдубеков |