Редакцияот 09.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Т. ЗУЛПУЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Т. Зулпуев атындагы айылдык кенешинин жетинчи чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы

2021-жылдын 9-декабры № 8-2

Т.Зулпуев атындагы айыл аймагындагы Атамерек айылынын тургуну Саипова Айнуранын арызын кароо жөнүндө

Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылынын тургуну Саипова Айнуранын 06.12.2021-жылдагы жеке менчик багытындагы 1138,0 чарчы метр жер аянтын турак жай багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү арызын карап, Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ

1. Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнө караштуу Атамерек айылынын тургуну Саипова Айнуранын арызы канааттандырылсын жана жеке менчик багытындагы 1138,0 чарчы метр жер аянтын турак жай багытына которуп берүүгө макулдук берилсин.

2. Ушул токтомду аткарууга жана жетекчиликке алууну Т.Зулпуев атындагы айыл өкмөтүнун башчысы С. Мурзакуловго милдеттендирилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Т.Зулпуев атындагы айылдык кеңешинин Жер, жерге жайгаштыруу, транспорт, курулуш өнөр-жай, экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын курамына тапшырылсын.

 

Төрага:

Ж.Назаров