Редакцияот 18.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы

2022-жылдын 18-январы № 45

Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу жана кирген малдарга штраф салуу жөнүндө

Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салуу жана кирген малдарга штраф салуу үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Салам-Алик айыл өкмөтүнө караштуу жайыттардын талкаланып жаткандыгына байланыштуу 2022-жылы Салам-Алик айыл аймагынан сырткаркы малдарга кирүүгө тыюу салынсын жана сырттан кирген чоң жандыктарга уйга,жылкыга 1000 сомдон, эчки, койго 300 сомдон штраф салынсын

2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу жагы “Айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Төрайым:

 Б.Калмурзаева