САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Салам-Алик айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IX сессиясы
2022-жылдын 18-январы № 46
2021-жылдагы калдык акча каражатын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн беш айылына бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна жана бюджеттик кодексинин 102-117-беренелерине ылайык 2021-жылдагы калдык 1714000-00 (бир миллион жети жүз он төрт) миң акча каражатын Салам-Алик айыл өкмөтүнүн беш айылына бөлүштүрүү үчүн Салам-Алик айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2021-жылдагы 1714,0 (бир миллион жети жүз он төрт) миң калдык акча каражаты Салам-Алик айыл өкмөтүнүн 15-Жаш айылына 300,0 миң сом, Кош-Этер айылына 250,0 миң сом, Ак-Терек айылына 250,0 миң сом, Салам-Алик айылына 414,0 миң сом, Кызыл-Чарба айылына 500,0 миң сом бөлүнсүн.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы “Финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттары жана инвестиция” маселери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым: | Б.Калмурзаева |