Редакцияот 28.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУРАМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Курама айылдык кеңештин депутаттарынын 9-чакырылышынын кезектүү VIII-сессиясы

2022-жылдын 28-январы № 6

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу

Жергиликтүү демилгелерди каржылоо жолу менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, алардын бирикмелерин, башка жеке жана юридикалык жактарды жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүгө катышууга шыктандыруу максатында, Курама айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жергиликтүү демилгелерди тандап алуу жана каржылоо тартиби жөнүндө Жобо 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтомдун көчүрмөсү, Кыргыз Республикасынын Ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин тиешелүү аймактык бөлүмүнө жиберилсин.

5. Бул токтом Курама айылдык округдун http://kurama-msu.kg расмий сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.

6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Курама айыл өкмөт башчысы Н.М. Узакбаевге жүктөлсүн.

 

Төрага

Р.Р. Мамбеталиев